Ак-Өргөдө катарлык уюмдун каражатына амбулатория салынып бүттү. Сүрөт

Жалпысынан элди үй-бүлөлүк алты дарыгер жана 9 медайым тейлемекчи. Курулушка 7 миллион сом жумшалганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ак-Өргө кичи районунда дарыгердик жаңы амбулатория салынып бүттү деп билдиришти муниципалитеттен.

"Бул жерде дарыгер кабыл алган кабинеттер, кургак учуктан дарыланып жаткан бейтаптарды көзөмөлдөгөн ак халатчандардын кабинети орун алат. Андан сырткары УЗИ жана башка медициналык кызматтар көрсөтүлөт", —  деп айтылат маалыматта.

Курулуп бүтпөй калган балдар онкологиялык борборунун имараты эмне болот?
Ал эми фельдшердик жайда биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүлөт. Жалпысынан элди үй-бүлөлүк алты дарыгер жана 9 медайым тейлемекчи.

Курулушка жети миллион сом каражат жумшалганы, каржылоону Катардын Кыргызстандагы кайрымдуулук уюму мойнуна алганы кабарланды.

Медициналык жаңы мекемеге 0,56 гектар аянт бөлүнүп берилген. Бир кабаттуу имарат эки корпустан жана бириктирилген галереядан турат.

Учурда Ак-Өргөдө 22 миң адам жашайт. Ал Бишкек шаарына эң биринчилерден болуп түшкөн конуш.