Алайда жайлоого бараткан киши жардан кулап каза болду

Терек айылынын 64 жаштагы тургуну 13-май күнү аялы менен атчан Үч-Чат жайлоосуна бара жатып кырсыктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда жайлоого бара жаткан киши жардан кулап каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады.

Билдирмеге караганда, аталган райондун Будалык айыл өкмөтүнүн Терек айылынын 64 жаштагы тургуну 13-май күнү аялы менен атчан Үч-Чат жайлоосуна бара жаткан.

"Жубайлардын аты мүдүрүлүп, жолдошу бийиктиги 7 метр жардан кулап түшкөн. Аны туугандары ошол замат ооруканага алып барган. Бирок алган жараатынан улам каза болуп калган. Ал эми аялы кырсыкка кабылган эмес", — деди Аширбаев.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары катталган.