Мектептеги ысык тамактын азык-түлүгү окуучулардын үй-бүлөсүнө таратылууда

Жалпы берүү берүү мекемелери аралыктан окууга өткөндүгүнө байланыштуу аталган мектептердеги азыктардын калганы пайдаланылбай калган
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандагы 440 мектепте ысык тамакка деген азык-түлүктөр башталгыч класстагы окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, республикадагы 440 мектепти "Мерсико" аттуу уюм төрт түрдүү азык-түлүк (буурчак, күрүч, өсүмдүк майы, ун) менен камсыздап келет.

"Жалпы берүү берүү мекемелери аралыктан окууга өткөндүгүнө байланыштуу аталган мектептердеги азыктардын калганы пайдаланылбай калган. Учурда алар башталгыч класстарда билим алган балдардын үй-бүлөсүнө бөлүнүп жатат", — деп жазылат билдирүүдө.

Министрлик мектептеги тамак-ашка мерчемделген 116 тонна унду да башталгач класстарда билим алган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратып берүүнү баштаганын кошумчалады.