Twitter кызматкерлерине кеңсеге келбей эле биротоло үйдөн иштөөгө уруксат берди

Компания башчысы кеңселер качан ачыларын жетекчилик чечсе, анда иштөө чечимин кызматкерлер өздөрү кабыл аларын кошумчалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Twitter компаниясы кызматкерлерин кеңсеге кайтпай, биротоло үйдөн иштөөгө уруксат берди. Бул тууралуу TechCrunch басылмасы жазды.

Компания жетекчисинин айтымында, алар кызматкерлерин кеңседен эмес, аралыктан иштөөнүн канчалык натыйжылуу экенин байкап көрүшкөн.

"Акыркы айлар кызматкерлерибиздин ар кайсы жерден жумушту сонун эле жасай аларын көрсөттү. Мындан улам эгер кимде-ким үйдөн иштөөнү кааласа, биз ага уруксат беребиз. Эгер "жок, кеңсеге эле келебиз" десе жумуш эч кайда кетпейт, эшигибиз ачык", — деп айткан компания башчысы.

Ойтемиров: Эмгек кодексине дистанттык иштөө боюнча өзгөртүү сунушталууда
Ал кеңсе качан ачыларын жетекчилик чечсе, анда иштөө чечимин кызматкерлер өздөрү кабыл аларын кошумчалаган.

Буга чейин Google компаниясынын жетекчиси Сундар Пичаи жумушчуларына жөнөткөн катында октябрь айына, ал тургай жыл этегине дейре үйдөн иштөөгө даяр болууларын эскерткен.

Facebook компаниясы кызматкерлерине жыл аягына чейин аралыктан иштөөгө уруксат берген. Компания кеңселерин 6-июлдан эрте ачпай турганын кабарлаган.