Гүлнара Каримованын 10 млн. долларын Франциядан Өзбекстанга беришти

Кайтарылган акчалар Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине  берилип, керектүү муктаждыктарга жумшалат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Өзбекстан бийлиги Франциядан Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар акчасын кайтарып келгендигин Sputnik Өзбекстан Юстиция министрлигине шилтеме кылып берди.

"Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратура республиканын компетенттүү органдары менен Каримованын кылмыштуу жол менен тапкан акчаларын кайтаруу иштеринин алкагында 2020-жылдын 14-майында Франциядан 10 миллион долларды алып келди", — деп билдирди Юстиция министрлиги.

Ал акчалар Каримова менен анын үй-бүлөсүнө таандык эмес, себеби алардын мүлкү башка мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан камакка алынган деп айтылат маалыматта.

Кайтарылган акчалар Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине кайтарылып, керектүү муктаждыктарга жумшалары маалымдалган.

Гүлнара Каримовага Ташкент соту акыркы өкүмүн чыгарды
Ведомстводон Каримованын активдерин кайтарып келүү боюнча сүйлөшүүлөр Өзбекстандын жана эл аралык укуктар каралган мыйзамдын алкагында жүргүзүлүп жаткандыгын айтышты.

Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп, прокуратура тергеп жаткан. 18-мартта сот анын абак мөөнөтүн 13 жыл төрт айга көбөйткөн. Соңку ирет тагылган айыпта Каримованын мамлекетке 165 миллион доллар чыгым келтиргени айтылган.