Түндө Ошто күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду

Жер титирөө облустун бир катар аймактарында үч баллдан беш баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бүгүн түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, силкинүү 03:09да катталган.

Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында беш балл, Икизяк айылында төрт жарым балл, Көк-Суу айылында төрт балл, Кара-Киндик айылында үч баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.