Бүгүн кечинде Москвадан 147 кыргызстандык учуп келип, обсервацияга алынды. Сүрөт

Россиядагы кыргызстандыктар "Авиа Траффик" авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамы менен келишти. Буга чейин төрт мамлекеттен КР жарандары кайтып келген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бүгүн Москвадан учкан 147 кыргызстандык кечинде Бишкектеги эл аралык "Манас" аэропортуна келип түштү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Боронов "Манас" аэропортундагы обсервация жайын көрдү. Сүрөттөр
Ага ылайык, мекендештер "Авиа Траффик" авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамы менен алып келинди.

Учурда сырттан келген кыргызстандыктар обсервацияга жаткырылганы айтылды.

Буга чейин 12-майда Россиядагы КРдин элчилигинин имаратынын алдына кыргызстандыктар чогулуп, нааразылыгын билдирген. Алар Москвадан Кыргызстанга алып кетүү талабын коюшкан.  

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен Катар менен Кувейт мамлекетинен да 107 кыргызстандык кайтып келсе, түштөн кийин Япония менен Кореядан Кыргызстандын 43 жараны учуп келген