Казакстан: нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, үйлөрдү суу каптап жаткан видео

Жаан Түркстанда 13-майда түш оой башталып, ошондон бери токтой элек. Анын кесепетинен облустун аймактарындагы үйлөрдү, короолорду суу каптап, көпүрөлөрдү кыйраткан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Казакстандын Түркстан облусундагы нөшөрлүү жамгырдан улам үйлөрдү суу каптап жатканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Жаан Түркстанда 13-майда түш оой башталып, ошондон бери токтой элек. Казгидромет бул дагы эки күнгө созуларын эскерткен. 

Анын кесепетинен облустун аймактарында суу төрт үйгө кирип, 376 короону каптап, дагы төрт көпүрөнү алып кеткен.

Бийлик арыктарды, үйлөрдүн айланасын тазалоого чукул кырдаал кызматкерлеринен,  куткаруучулардын сырткары элди дагы көмөктөшкөнгө чакырган.

Белгилей кетсек, социалдык тармактардын кыргыз сегментинде суу каптаган айыл тууралуу видео тараган. КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы ал кадрлар Казакстанда тартылганын билдирди.