БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Видеону жергиликтүү полиция кызматы Twitter аккаунтуна жайгаштырган.
Автоунаанын жанында турган эркек кишинин капыстан эле автомай куйган колонканы тээп, чаап, андан сырткары автокөлүгүнө таканчыктай калып, чирене дагы бир ирет тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Колундагы түтүктү аз жерден үзүп ала жаздаганы бир караган кишиге да байкалат. Бул аракетти белгисиз адам бир нече ирет кайталаган.
Эми полиция колу-буту "узун" кишиге издөө салып, видеону элге тараткан.
Полиция чаң жана кир болгондуктан, автоунаанын мамлекеттик номери окулбай калып, ачуулуу бул жаранды табуу иши бир топ кыйынга турарын моюнга алган.
Ал эми автомай куйган бекеттин ээси автоунаа ээси ага канчалык чыгым келтиргенин эсептеп, тактап, полицияга өткөрүп бергени маалымдалды.