Атчан аскерлердин фронттон окуучуларга жазган каты. Архивди барактап

Улуу Жеңиш күнүнө арнап Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка аттанган жоокерлердин каттарын мамлекеттик архивден, эл арасынан чогултуп жарыялап келебиз.
Sputnik

Бул сапар өзгөчө аскерлердин — атчан гвардиячылардын №5 мектептин 4-классынын окуучуларына жазган катын таап алдык. Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы мектеп окуучуларына арналып мындан 77 жыл мурда жазылыптыр. Майданда согушуп жаткан улууларга дем берген окуучулардын ошол кездеги духуна баа бересиң.

Катта фашисттер менен кармашып жүргөн атчан жоокерлер балдарга ыраазылыгын билдирип, оор учурда аларды моралдык жактан колдогону үчүн рахматын айтышкан.

Атчан аскерлердин фронттон окуучуларга жазган каты. Архивди барактап

Тилекке каршы, азыр мындай коллективдүү түрдө дух берген нерсе жок экендиги жашыруун эмес.

Атчан гвардиячылардын 4-класстын окуучуларына жазган каты.

Атчан аскерлердин фронттон окуучуларга жазган каты. Архивди барактап

"Кымбаттуу балдар!

Силердин катыңарды алып, абдан кызыгуу менен окуп чыктык.

Биз — кызыл кавалериячылар, атчан гвардиячылар силер менен, ушундай сонун балдар, жаш ленинчилер менен сыймыктанабыз. Мекен үчүн оор болуп жаткан мезгилде биз менен бирге болуп жатасыңар. Силер Кызыл Армиянын аскерлеринен артта калбайсыңар деп ишенебиз.

Биздин милдет — артка кууп, талкалап, фашисттик маймылдарды жок кылуу.

Ал эми силердин милдетиңер — бизден артта калбоо. Фашисттерге, элибиздин каргышына калгандарга эрегишип, өчөшүп мыкты окушуңар керек. Жакшы бааларды алып, тартиптүү болгула.

Негизи бизде коммунисттер менен комсомолдор алдыңкы катарда жүрөт эмеспи. Андыктан силер да — пионерлер калган бардык балдарга үлгү болушуңар керек.

Ысык саламыбыз менен силердин атчан-гвардиячыларыңар".

16-январь, 1943-жыл.

Атчан аскерлердин фронттон окуучуларга жазган каты. Архивди барактап

Кат ал кездеги Фрунзе шаарындагы Совет көчөсүндө жайгашкан №5 орто мектептин 4 "В" классынын окуучуларына жолдонгон. Алар IV дружинанын №20 отрядынын пионерлери экен.