Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 кыргызстандык учуп келди

Бүгүн бир нече каттам менен чет мамлекеттерден алып келинген кыргызстандыктар аэропорттон дароо эле обсервацияга алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Кыргызстандын 59 жараны алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Кыргызстандыктар Германиянын "Condor Airlines" авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келген.

"Аны "TUI CRUISES" компаниясы КРдин 48 жаранын мекенине жеткирүү үчүн уюштурган. Алар "Sea Chefs" круиздик лайнерде иштеген адамдар болгон. Андан сырткары ФРГда жүрүп, мурда билет алган 11 жаранды кошо ала келген", - деп билдирди Республикалык штаб.

Учурда келгендердин бардыгы обсервацияга жаткырылып, саламаттыгы көзөмөлгө алынды.