Жапжаш кыздай! АКШлык 70 жаштагы дизайнер аялдын сүрөттөрү таң калтырды

Бир нече күн мурун дизайнер аял сынын кетирбеген дене боюн өзүнүн Instagram баракчасынан көрсөтүп, интернет колдонуучуларды уу-дуу кылды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Үлпөт көйнөктөрдү тиккен АКШлык 70 жаштагы Вера Вонг социалдык тармактарга сүрөттөрүн жүктөп, аларды окурмандары менен Sky News басылмасы бөлүштү.

​Вонгдун келишимдүү дене бою, сеңселген чачы менен айрым жашыраак кыз-келиндер да мактана албайт.

Кээ бир сүрөттөрдө ал спорттук кийим кийип, идеалдуу прессин көрсөткөн.

Бул сүрөттөрдү карап туруп, көпчүлүк андагы аял быйыл 71 жашка чыкканына ишенген жок.

"70 жашта экениңизге ишене албай турам. Эң көп дегенде 30 жашта деп ойлогом", — деп жазды колдонуучулардын бири.

Айрымдар маалыматты текшерүү үчүн дароо Википедияга кирип көрүшкөн.

"Сиз 1949-жылы туулдуңуз беле? Көргөн көзүмө ишене албай турам!" — деп жазды дагы бир колдонуучу.

Мода индустриясында модельер үлпөт көйнөктөрүн тиккен дизайнер катары белгилүү, жылдыздар арасында өтө кадыр-баркттуу.