БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифинг учурунда 1-майдан тарта кайсы ишкерлик объектилер жандана баштаганын санап берди.
Алар:
- тоо-кен тармагындагы көмүр казуучу ишканалалар — 16;
- өндүрүш ашканалары — 23;
- базарлар — 4;
- чачтарачканалар — 23;
- курулуш товарларын жана унаа тетиктерин саткан дүкөндөр — 90;
- май аймаштыруучу жана техника оңдоочу жайлар — 39;
- автоунаа жуучу жайлар — 18;
- такси кызматы — 28;
- мончолор — 8;
"Бардыгынын жетекчилерине санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча милдеттемелер коюлган", — деди Алымкулов.
13-майга карата облус аймагында коронавирус жуктурган 137 учур катталды.