Коронавирустан дагы 17 киши айыгып чыкты

Жалпысынан, айыгып үйүнө жиберилгендердин саны 726га жетти. Бул - бардык вирус жугузуп алгандардын дээрлик 70 пайызы.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 17 киши коронавирусту жеңип чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

“Бишкекте - 10, Нарында - 1, Баткенде - 4, Жалал-Абадда 2 киши сакайды”, — деди Үсөнбаев.

Жалпысынан, айыгып үйүнө жиберилгендердин саны 726га жетти. Бул - бардык вирус жугузуп алгандардын дээрлик 70 пайызы.

Учурда өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.