Жакшы кабар! Акыркы суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган жок

Акыркы суткада стационарлардан коронавирус жуктурган үч медик сакайып чыккан. Айыккан ак халатчандардын жалпы саны 189 болду.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада стационарлардан коронавирус жуктурган үч медик сакайып чыккан.

Өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасынан 241 учур катталды. Анын ичинен 189 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Тилекке каршы, коронавирус табылган бир дарыгер көз жумган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

Жуктургандар бүгүн аз. Өлкөдө 7 адамдан коронавирус аныкталды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.