Радио

Шеримкулов: азыркы парламент конституциялык өзгөртүү киргизе албайт

Легендарлуу парламенттин төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов өлкөдө конституциялык реформа жасаштан мурда саясий, экономикалык стабилдүүлүктү камсыздоо зарыл экенин айтты.
Sputnik
Шеримкулов: азыркы парламент конституциялык өзгөртүү киргизе албайт

Азыр иштеп жаткан парламент конституциялык өзгөртүү киргизе албайт. VI чакырылыштын депутаттарынын мындай укугу жок, убактысы дагы жетпейт. Бул тууралуу Медеткан Шеримкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын жаңы редакциясы менен иштөөгө кийинки чакырылыштын депутаттары укуктуу болот.

"Азыр иштеп жаткан парламент Баш мыйзамды өзгөртө албайт. Анткени алардын укугу жок, убактысы дагы аз калды. Ошондуктан Конституциянын жаңы редакциясы боюнча иштөөгө VII чакырылыштын депутаттары укуктуу болот. Аны алар президент, коомчулук менен ишке ашыра алат. Эми 2021-2022-жылдары жаңы Конституциянын үстүндө иштеш керек. Мунун деталдарына азырынча кенен токтолбой турайын. Анткени учурда ааламды каптап турган пандемияны биримдикте жеңип, экономиканы кантип көтөрүүнү ойлонуу зарыл. Андан кийин күзүндө шайлоону таза өткөрүп, күчтүү парламент келгенден кийин реформага барсак болот. Албетте бизге конституциялык реформа керек. Бирок бул үчүн алгач экономикалык, саясий стабилдүүлүктү камсыздап алуу шарт", — деди Шеримкулов.

Ошондой эле ал Россиянын конституциялык реформа жүргүзүүдө жасап жаткан кадамдарын эске алуу керектигин кошумчалады.