БИШКЕК, 13-май — Sputnik. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш Мамдуманын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкийдин ЕБ, АКШдагы саятсатчыларга, парламенттик уюмдарга коронавирус пандемиясынан улам бир тараптуу санкцияларды токтотуу чакырыгын колдоду. Бул тууралуу Sputnik радиосу кабарлады.
Кайрылууда глобалдуу эпидемиялык кооптуулук болуп турган учурда жөнөкөй адамдардын жашоосун татаалданткан чектерди токтотуу керектиги айтылган. Бул туурасында ой калчоо зарылдыгы белгиленген.
"Сиздин көз карашты толугу менен колдойм. Бул глобалдык чакырыктын кээ бир аспектилери боюнча эл аралык күрөштүн зарылдыгы турат. БУУга мүчө мамлекеттерди, анын ичинен Россияны ушундай катаал учурда саламаттык сактоо тармагында бири-бирин колдоого чакырам. Буга 2020-жылдын март айында башталган гуманитардык көмөк көрсөтүү боюнча Глобалдуу программаны каржылоо иши да кирет", — деп айтылат Гутеррештин катында.
Ал 26-мартта “Жыйырмалык тобунун” лидерлерине жасаган кайрылуусунда пандемияны өлкөдө күчөтүп жибере турган санкциялардан алысыраак болууга чакырганын айтты.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун соңку маалыматтарына караганда, дүйнөдө коронавирус инфекциясын 4 миллиондон ашуун адам жуктуруп алса, анын ичинен 283 миңи көз жумду.
Антониу Гутерреш COVID-19 санкция чакырык каршы туруу эпидемия