Окумуштуулар коронавирустан кийин жаңы эпидемия башталарын боолголоп жатат

Коронавирустун фонунда кургак учукту дарылоо жана диагностикага маани берилбегендиктен, 2020-жылдан 2025-жылга чейин бул оору 6,3 миллион адамды тоорушу ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Коронавирустун жайылуусунан улам дүйнө жүзү боюнча киргизилген чектөөлөр кургак учук эпидемиясына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу CNBC басылмасына таянып "Известия" кабарлады.

Адис COVID-19га кандай учурда иммунитет пайда болорун айтып берди
Маалыматка ылайык, коронавирустан улам кургак учукту дарылоо жана аныктоого маани берилбегендиктен, 2020-жылдан 2025-жылга чейин бул оору 6,3 миллион адамды тоорушу ыктымал. Мындай доклад 6-май күнү Лондондун империялык колледжи, Жон Хопкинс университети жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинде эмгектенген окумуштуулардын катышуусу менен түзүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-2025-жылдар аралыгында кургак учуктан 1,4 миллион адам каза болушу мүмкүн.

"Кургак учук жугуштуу илдет. Ал аба аркылуу тарайт. Оору убагында аныкталбай, дарыланбай калса, аны алып жүргөн киши башкаларга жугуза берет. Анда бул сан тез эле өсүп кетет", — деп жазылат маалыматта.

Адистердин айтымында, кургак учук антибиотик менен дарыланат, бирок аны менен күрөшүүнүн башкы методу — көбүрөөк адамды эрте текшерүү керек.