Эпидемиянын экинчи толкуну болобу? Ухандын бардык тургундары тесттен өтөт

Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарынын өзүндө 50 миңден ашуун киши вирус жуктуруп, төрт миңге чукул адам өлгөн. Калаанын калкы 11 миллионго жакын.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Коронавирустун жаңы учурлары катталып жаткандыгына байланыштуу Кытайдын Ухань шаарынын ыкчам штабы тургундардын баарынан вирустун бар-жогун текшерүүнү чечти. Бул тууралуу "Пэнпай" басылмасы жазды. https://www.thepaper.cn/

Адис COVID-19га кандай учурда иммунитет пайда болорун айтып берди
Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында 9-майда бир айдан кийин биринчи жолу коронавирус инфекциясы аныкталды. Мындан тышкары оорунун симптомдору жок, бирок аны алып жүргөн 16 киши шаар ичинен катталды. Бир суткадан кийин алардын бешөөндө оорунун клиникалык белгилери байкалганы айтылат. Андан кийин шаардын эпидемиологиялык коркунучунун деңгээли төмөндөн ортого көтөрүлгөн.

Мындан улам 11-майда бийлик элдин бардыгын тесттен өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Ухандагы тестирлөө он күнгө созулуп, көбүнчө калк жыш жайгашкан жерлерге басым жасалат.

8-апрелде Кытай бийлиги транспорт каттамдарын ачып, жарандарга шаардан чыгууга уруксат берген. Ага чейин эки айдан ашык убакыт калаадан тыш чыкпай, каттамдардын бардык түрү убактылуу токтотулган болчу.

Кытайды жалпы кошпогондо Ухань шаарынын өзүндө 50 миңден ашуун киши вирус жуктуруп, төрт миңге чукулу каза болгон.

Шаардын калкы 11 миллионго жакын.