Соль-Илецкиден келип, обсервацияда чуу чыгаргандар тынчыдыбы? Министрликтин жообу

Буга чейин Россиянын Соль-Илецк районунан келген мекендештер Бишкектеги "Семетей" мейманканасында уюштурулган обсервациядан качууга аракет кылып, тартип бузушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Азыркы тапта Оренбург облусунун Соль-Илецк районунан келген кыргызстандыктар обсервация режимин одоно бузган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Буга чейин Россиянын Соль-Илецк районунан келген мекендештер Бишкектеги "Семетей" мейманканасында уюштурулган обсервациядан качууга аракет кылып, тартип бузушкан. Мындан улам медиктер милицияга кайрылууга аргасыз болушкан. Россиядан жалпысынан 541 жаран алып келинсе, анын 50дөн ашыгынан коронавирус табылган.

"Бардык чаралар көрүлүп, милиция тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатат. Азыркы тапта обсервация режимин одоно бузгандар каттала элек. Ага жол бербей жатабыз", — деди Үсөнбаев.

Ал эми коронавирус аныкталган 55 мекендеш Бишкек шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жатканы кошумчаланды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1037ге жетип, анын ичинен 709у айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болгон.

Вирус жуктурганын айтып кайрылган 6 кишинин бири гипермаркеттин сатуучусу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.