БИШКЕК, 12-май — Sputnik. UFC боюнча Кыргызстандан чыккан чемпион Валентина Шевченко бутуна жасалган операциядан кийин машыгуусун кайра баштады. Бул туурасында спортчу кыз Instagram аккаунтуна жазды.
Март айында Валентина бутунан операция жасатып, анын айынан UFC 251 турнириндеги Жоан Калдервуд менен беттеши болбой калган.
Мушкер кыз жаракатты соңку кармашында алган. Тагыраагы, ал 8-февралда Хьюстондогу UFC 247 турниринде Кэтлин Чукагян менен беттешип, утуп алган.
"Акыр аягы операциядан эки айдан соң машыгуума кайтып келдим! Көнүгүүлөрүмдү 100 пайыз жасай албасам да, баары бир сүйүктүү ишимди кылгандан жаным жыргап жатат. Акырындык менен болсо да айыгып келе жатам!" — деп жазган чемпион кыз.
Өзүнүн ал постунда үйүндө ыңгайлуу машыгуу залын жасап алгандыгын кабарлаган.
"Дарыгерлер августтун аягында кайтып келе берсем болорун айтышты. Ал учурда беттешип калыш үчүн кичине тездетет окшойм. Бул менин толук кандуу кайтып келүүм үчүн ылайыктуу учур. Болгону тер төгүп, көбүрөөк иштешим керек", — деген Шевченко.
Голливуд жылдызы Холли Берри "Сабалган" ("Оскорбленная") тасмасын тартуу учурунда UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун катуу соккусунан улам жаракат алгандыгын айтып берген.