Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов бул ирет айыл көйгөйлөрүнө кайрылып, ой-толгоосу менен бөлүштү.
Мектепти бүтүп кеткенден бери өзүмдүн туулуп-өскөн айылымда мынча көп убакыт жүрө элек экенмин. Мурун кичи мекениме саналуу эле күнгө келип, кайра шашып борборго жумушка же окууга кетчүмүн. Бул ирет дүйнөгө тараган COVID-19 вирусунан улам бир айдан ашык убакыттан бери ата-энемдин үйүндө жашап, Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде күн кечирип жатам.
Айыл чарба техникасы, унаасы барлар жер айдап, жүк ташып тыйын таап тиричилик көрсө, төрт түлүк мал кармагандар жайлоого чыгып, элдин малын багып күзгө чейин тоодо жүрөт. Ал эми малы, унаасы дагы жоктор айыл чарба, курулуш жумуштарында жалданып нан табууда.
Анан болжол менен ар бир үчүнчү үй-бүлө чакан банктардан насыя алып, алардын жибине тушалган экен. Мындай турмушту азыр менин эле айылым эмес, өлкөдөгү көпчүлүк калк жашаган аймактар башынан өткөрүп жаткандыр.
Жогоруда тизмектелгендер элеттиктер баш ооруткан маселенин чет-бучкагы эле. Жасалчу жумуш, чече турган көйгөй арбын экен. Мен алардын айрымдарына азыноолак токтолуп, айылдан борборго кеткен азаматтарга, жогорку кызматта отуруп алып аймактагылардын көйгөйүн чечүү милдетин алган аткаминерлерге айткым келди. Анткени журналист кичи мекенине барганда сөзсүз бир нече тургун жогорку жактан бир чоң чиновник келгендей эле жетер жерине жеткен иштерин айтып, анын чечүү жолдорун сурап арызданат. Ошол карапайым элдин кээ бир сөздөрүн эшитип, аймакта иш чатак экенине көзүм жетти.
Азыр төрт түлүк мал баккан айыл-кыштактарга кесипкөй мал доктурлар өтө зарыл болуп турган чагы. Союздан калган ал адистердин ордун басчу окуу жайды аяктаган жаштарды такыр таппайсың. Короодогу жылкы сыркоолоп калса, эптеп-септеген мал доктурга эмес, эл оозуна алынган билермандарга алып бармай, андан башка айла жок. Ошентип бир нече жыл жем-чөбүн берип, бапестеп баккан малынан айрылып отуруп калышат,
Ошондой эле пенсия курагындагы адистерди алмаштырганга жогорку билимдүү, кесипкөй, уюштургуч жаштарды ит менен издеп эптеп табасың. Айыл өкмөттө иштеп жүрүп чалмакейди чалып, ири суммадагы акчаны кымырып алган жетекчи сөрөйдү эл эптеп кызматтан кетирсе, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы анын ордуна башка киши таппай убара тартып, баягыны эле кайра отургузат экен. Жүздөгөн түтүн жашаган айылда "баягылар" алмаштырылгыс кадрларга айланыптыр. Шартка карап, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алар кээде карапайым элди "кетем" деп коркутуп коюшат экен.
Андан сырткары, суу башында жашагандар төрт мезгил үзгүлтүксүз таза суу иче алышпайт. Чакан өндүрүш жайларын ачуу аракеттери өтө эле жай, айрым жерлерде такыр эле байкалбайт. Кыскасы, карапайым элеттиктер кесипкөй, жаратман адистер каяктан келе калат деп үмүт артып, "өгүз өлбө, араба сынба" деп оокатын көрүп жатат.
Айтор, азыр элеттиктер гуманитардык жардамга эмес, уюштургуч дарамети күчтүү, иш билги адистерге, кичи мекениме иштеп берем деген тажрыйбалуу азаматтарга муктаж экен.