БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн дагы 21 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын 10у Бишкекте болсо, бирөө Чүйдө, үчөө Жалал-Абадда, жетөө Нарын обулусунда. 21 кишинин экөө Россиядан, бирөө Дубайдан келген", — деди Үсөнбаев.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1037 болду.
Өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.