12-май — Медайымдардын эл аралык кесиптик майрамы. Бул күн өлкөдө 1993-жылдан тарта майрамдалып келет. Быйыл кесиптик майрамын республикада 34 миң 33 медайым белгилейт. Бул тууралуу Айзат Асанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, медайымдардын жетишсиздиги борбор калаада курч байкалат. Ал эми аймактарда 90 пайызга чейин жетиштүү десе болот.
"12-май — Медайымдардын кесиптик майрамы. Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук каттоосу боюнча, 2020-жылга карата республикада 34 миң 33 медайым бар. Алардын 7,3 пайызын акушерлер, 5,6 пайызын фельдшерлер түзсө, калганы жалпы медайымдык кесипти аркалагандар. Алардын жетишсиздиги башка кесиптерден айырмаланып аймактарда байкалбайт, тескерисинче, борбор калаада медайымдыкка бош орундар көп. Бул көйгөйдү учурда ЖОЖду жаңы бүткөн студенттерди милдеттүү түрдө мамлекетке эки жыл иштеп тажрыйба топтоо программасынын негизинде чечүү аракеттери көрүлүп жатат", — деди Асанова.
Ал аталган кесип ээлери пандемия учурунда күжүрмөндүк менен иштеп, кайраттуулугун көрсөтүп жатышкандыгын кошумчалады.