Шейшембиге карата аба ырайы

Түнкүсүн өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетсе, Нарын облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. 12-май, шейшемби күнү, республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.

Өлкөнүн көпчүлук аймактарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетсе, Нарын облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +24…+29, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +27…+32, Ысык-Көлдө +19…+24 жана Нарын жергесинде +18…+23 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы баш калаада +27…+29 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +30…+32 градуска чейин жетет.