Путин Россияда 12-майдан тарта эс алуу күндөрү аяктаарын айтты

Мамлекет башчысы эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынганын, ал эми чектөөлөр акырындык менен алынарын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин 12-майдан тарта өлкөдөгү эс алуу күндөрү аяктаарын коронавируска каршы күрөшүү боюнча өтүп жаткан кеңешмеде айтты.

Анын билдиргенине караганда, кабыл алынган чаралар акырындык менен коюлган чектөөлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.

"Иш эмес күндөр 12-майда аяктайт. Бирок кырдаал салыштырмалуу дурус болгон жерлерде да пандемия менен болгон күрөш бүтпөйт. Абалдын артка кетишине жол бербешибиз керек", — деди Путин.

Ал көп эл катышкан иш-чараларга мурдагыдай эле тыюу салынарын эскертти. Коопсуздукту өтө катуу сактоо 65 жаштан өйдө курактагы, өнөкөт оорусу барлар үчүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи.

Путин: медиктерден ашыкча отчёт сурап, кыжалат кылып, убактысын албагыла
Россия президенти элди "дагы бир аз чыдоого" чакырды.

Президент 12-майдан тарта экономиканын негизи делген байланыш, энергетика, айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактарынын ишин жандандыруу зарылдыгын айтты.

Губернаторлорго санитардык талаптарды аткарбаган ишкана, уюмдардын ишин чектеп же токтотуп коюуну өкмөт менен макулдашып чечүүгө укук берилди.

Бүгүнкү күндө Россияда 221 344 кишиде коронавирус аныкталып, анын 39 801и айыгып, 2009 киши көз жумду.