БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине акча төлөнгөн-төлөнбөгөнүн өзү текшерерин эскертти. Бул тууралуу ал COVID-19га каршы күрөшүү боюнча жыйында билдирди.
Ал өкмөт менен Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөшүп иштеп жаткан ак халатчандардын акчасынын төлөнүп берилишин көзөмөлгө алууну тапшырды.
"Бүгүн, 11-май, медиктердин бардыгы апрелге каралган бардык төлөмдөрүн алды. Субъектилердин жетекчилерине бул маселесин 15-майга чейин бүтүрүп коюуга тапшырма берем. Саламаттыкты сактоо министрлиги, өкмөт координация менен аны көзөмөлдөөнү колго алгыла. Достор, эстеп койгула, бул маселенин Россиянын ар бир регионунда жөнгө салынышын жеке өзүм текшерем", — деди Путин.
Коронавирус пандемиясы
Коронавирус SARS-CoV-2 — COVID-19 оорусунун козгогучу. Ал учурда 187 өлкөнү каптады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, инфекция 3,9 миллион адамга жукту. Кеминде 274 миң адам көз жумду.
Муну менен катар эле Жонс Хопкинс университетинин эсептөөлөрүнө таянсак, COVID-19 менен ооругандар 282 728ге чамалады. Булардын арасынан 1,4 киши айыгып кеткен.
Учурда адам өлүмү жана жуктуруп алгандар боюнча АКШ биринчи орунда турат.
Бүгүнкү күндө Россияда 221 344 кишиде коронавирус аныкталып, анын 39 801и айыгып, 2009 киши көз жумду.