Муфтият Кадыр түн качан болорун айтты

Адатта Кадыр түн Рамазан айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Адатта Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет. 

Былтыр Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келген.

Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik даярдаган календардан көрүңүздөр.