Кытайдан дагы гуманитардык жардам келди. Сүрөт

Кытай өкмөтү чартердик каттам менен 100 миң даана ПЦР-тест, 30 миң медициналык көз айнек, 30 миң N95 үлгүсүндөгү бет кап, 150 миң медициналык бет кап жана 1000 термометр жеткирип берди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам катары медициналык каражаттарды берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына вице-премьер Акрам Мадумаров жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым катышты.

"Кытай өкмөтү чартердик каттам менен 100 миң даана ПЦР-тест, 30 миң медициналык көз айнек, 30 миң N95 үлгүсүндөгү бет кап, 150 миң медициналык бет кап жана 1000 термометр жеткирип берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Вице-премьер Мадумаров Кытай өкмөтү гуманитардык жардам гана бербестен, коронавируска каршы күрөшүүдө консультациялык жактан дагы көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга Кытайдын медициналык эксперттик тобу келип кеткен. Алар саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин окутуп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшкөн. Берилген гуманитардык жардам жарандардын ден соолугуна алып келген коркунучтарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү шарттайт, ыраазычылык билдиребиз", — деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, Кытай Кыргызстанга буга чейин дагы гуманитардык жардам көрсөткөн.

Коронавирус кесепети

Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Кыргызстан суу каптап жабыркаган Өзбекстанга гумжардам жөнөттү
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.