COVID-19: дагы үч медкызматкер вирус жуктурса, төртөө ооруканадан чыкты

Жаңы жуктурган медиктердин бардыгы Бишкектен катталган. Ушуну менен COVID-19 аныкталган медицина кызматкерлеринин саны 235ке жетип, анын 180и ооруканадан айыгып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде үч медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан төрт медик сакайып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, вирусту жаңы жуктургандардын бардыгы Бишкектен катталды.

Ушуну менен COVID-19 аныкталган медкызматкерлердин саны 235 болду. Анын 180и ооруканадан айыгып чыккан.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 14 кишиден коронавирус чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.