Көбү Бишкекте. Бир суткада коронавирус жуктурган 13 бейтап айыкты

Өлкөдө коронавирус жуктурган 688 бейтап сакайды. Бир суткада айыккан 13 бейтаптын ичинен 11и Бишкектен, экөө Нарындан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 13 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус жуктурган 688 бейтап сакайды.

"Бир суткада айыккан 13 бейтаптын ичинен 11и Бишкектен, экөө Нарындан", — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 14 кишиден коронавирус чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.