Бүгүн Кыргызстанда дагы 14 кишиден коронавирус чыкты

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктургандар боюнча күн сайын маалымат берүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 14 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында алтоо, Чүй облусунда бирөө, Ош облусунда экөө, Баткенде бирөө, Нарында жана Ысык-Көлдө экиден киши коронавируска кабылган. 

Ушуну менен жалпы жуктургандардын саны 1016 болду. 

Учурда Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.