Бишкекте иштөөсүнө тыюу салынган 8 тармак тизмектелди

Бүгүндөн тарта борбор калаада өзгөчө абал режими алынып, өзгөчө кырдаал режими уланууда. Анын эрежелери тууралуу шаар мэри Азиз Сурмакматов айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаал режими өкүм сүргөн Бишкекте азыркы тапта сегиз тармактын ишине тыюу салынды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Алардын тизмеси төмөнкүдөй:

  • калкты тейлөө борборлору;
  • финансы жана башка кызматтар чөйрөсү (күрөөканалар);
  • калкты тиричилик жактан тейлөө чөйрөлөрү (бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо);
  • соода-сатык чөйрөсү (соода борборлору, кийич-кече базарлары жана дүкөндөрү, автоунаа базарлары);
  • жеке репетиторлордун кызматтары;
  • жеке үй-бүлөлүк мончолор жана СПА-борборлордун кызматтары;
  • коомдук унаа;
  • спорттук залдар.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өзгөчө кырдаал тартибин бузгандарга салынчу айыптын суммасы айтылды
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.