Асрандиев Россия өкмөтүнөн газдын баасын арзандатууну өтүндү

Вице-премьер россиялык кесиптеши менен онлайн-жолугушуу өткөрүп, бир катар маселелерди ортого салган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Вице-премьер Эркин Асрандиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда Асрандиев бүгүнкү реалдуулук өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкты активдештирүүнү талап кыларын белгилеп, Россия Кыргызстандын башкы өнөктөшү экенин айткан.

Жолугушууда козголгон маанилүү маселелердин бири жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү болгон.

"Бул биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирустун жайылышы, ишкердиктин басаңдашы, улуттук валюта баасынын төмөндөшү калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн кыскарышына алып келди. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасын кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул маселени бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оң жооп алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле антикризистик чаралардын экинчи пакетинин алкагында бизнести каржылоодо Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун бош каражаттарын пайдалануу мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталууда", — деди Асрандиев.

Кыргызстанда күйүүчү май 5 сомго чейин арзандашы мүмкүн
Өз кезегинде Оверчук сунушту карап чыгууга убада бергени айтылат.

Мындан сырткары, дагы бир катар маселелер, анын ичинде Россиянын Кыргызстандын бажы органдарына техникалык жардам көрсөтүүсү, товарларды маркировкалоонун жүрүшү жана салык чогултуу боюнча маселер каралган.

Тараптар жарыяланган эриш-аркак жылдын алкагындагы иш-чаралардын планын аткарууну жандандыруу зарылдыгы тууралуу бир пикирге келишкени белгиленди.