Суракматов кызматтык күбөлүгү менен кимдер эркин жүрө аларын айтты

Ишин жанданткан мекемелердин кызматкерлерине салык инспекциясынан күбөлөндүргөн маалым кат алуу милдети коюлган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда кимдер кызматтык күбөлүк менен гана шаарда эркин жүрө аларын атады.

Алар шаар ичинде кызматтык күбөлүгү же иштеген жеринен берген маалым каттын негизинде эле жүрө алат. Маалым катта Салык инспекциясынын күбөлөндүргөн мөөрү болушу шарт эмес.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар:

  • Медицина кызматкерлери;
  • Ички иштер министрлигинин кызматкерлери;
  • Атайын кызматтын кызматкерлери;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери;
  • Мамлекеттик органдардын, мэриянын кызматкерлери;
  • Турмуш тиричиликти камсыздоого тартылган коммуналдык кызматтар жана энергетика тармагынын кызматкерлери.

Белгилей кетсек, ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекемелердин кызматкерлерине иштеген жеринен маалым кат алып, аны райондук салык башкармалыгынан күбөлөндүрүү милдети коюлган. Ал эми жүйөлүү себептер менен көчөгө чыккандар маршруттук кагаз толтуруп, жанына салып жүрүшү керек.

Коронавирустун кесепети

Мэр Суракматов: Бишкекте бет кап тагынбагандарга 5000 сомго чейин айып салынат
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.