Жүрөктү эзип... Бишкекте өткөн "Өлбөс полк — онлайн" акциясынан видео

Кыргызстандын борбор калаасы атагы кыйырга кеткен акцияны  карантиндик чектөөлөргө карабай колдоду.
Sputnik

Шаар тургундары обочолонуу тартиби менен жашап жатканына карабастан, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын татыктуу белгиледи.

Эч нерсе унутулбайт! Постсоветтик мейкиндикте белгиленген Улуу Жеңиш. Сүрөттөр
Алгач майрам болбойт экен деген да сөздөр айтылып кеткен, бирок "Өлбөс полк" акциясынын уюштуруучулары онлайн форматта өткөрүүнү чечишкен. Тургундар ардагерлердин сүрөттөрүн үйлөрүнүн терезесине илип даңазалашты.

Саат 12.00дө каалоочулардын баары "Жеңиш күнү" ырын ырдап, майрамды башташты.

Аскер оркестринин коштоосунда жоокерлердин тобу согуштун баатырларын куттуктап, 75 жыл мурун көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык айтышты.

Көкүрөгү орден-медалга толгон ардагерлер жаштарга көздөрүнө жаш ала алкаса, коңшулары менен жакындары кол чаап, рахмат айтып, урмат көрсөтүштү.