Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны дагы 71 кишиге көбөйдү

Өлкө аймагында дагы 71 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды. Ушуну менен ооруга кабылгандардын жалпы саны 1002ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май – Sputnik. Кыргызстандын аймагында бүгүн, 10-майга карата, дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын жашаган аймактары: 

  • Бишкек шаары - 2;
  • Чүй облусу - 56, анын ичинен 55и Соль-Илецкиден келгендер;
  • Жалал-Абад облусу - 5;
  • Ош облусу - 3;
  • Баткен облусу - 4;
  • Нарын облусу - 1.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус аныкталгандардын саны 1002ге жетти.