...Түш ооп калган. Сыртка көз салганы терезени ачтым. Табияттын каңылжарды кытыгылаган атыр жытын себинген жаздын жагымдуу илеби беттен жумшак сүйө жылуу учурашты. Калаа түнү бою күрү-күү жашоо менен таң атырып, күн чыккан соң мамыкка манчыркай жатып шашпай уктаган кишидей мемирейт. Демейде машинаң менен жүз кадам аралыкты улгайган аксак кишиден да жайыраак басып өтүүгө аргасыз кылган тыгындан арылбаган маңдайдагы төрт көчө бош.
Бууга буулган жыпар жыт
Бах, мына бул жыпар жыт кайдан келүүдө? Жолдун ары жагындагы мекеменин короосундагы жарым гүлүн төгүп калган өрүктөрдөнбү? Балким, өрүккө улай бүрүн ачып, бажырая гүлдөп сулуулугу баралына жетип турган береги гиласстар менен алмалардын сунган белегидир? Жазбы, жайбы, же күзбү, ушинтип терезени ачып, далай жолу теребелге жүз бактым. Бирок анын бүгүнкүдөй каңылжарды жарган куттуу жытын байкаган эмесмин. Качан караба, дүкөндөгү тартыш товарга кезекке тургандардай чубалган автоунаалардын артында буркураган көк түтүнү уулап, билинбей калчу белем? Тигил аллеяны бойлой узатасынан тигилген сирень ак, кырмызы гүлдөрүн ача баштады. Табияттын сүйгөнүн күткөн сулуудай атыр себингенин эми көрөсүң.
Бакты кыюу - бактыны кыюуга окшош
Чымчыктардын сайраганын айтсаң... Тим эле жан дүйнөң жайнап, эбедейиң эзиле тыңдайсың. Жаагы тынбаган техниканын кулак кужурун алган добушу ушул керемет үндөрдү да жарытылуу угузбай, жаңырыгына жашырып жүрүптүр. Каап, тилин түшүнгөндө бул паренделердин эмне деп жатканына парасат салып, балким, күн сайын баарлашып турмакмын.
Жашыл көктөмгө жагымдуу маанай жалгаштырууга дайындалган ушул чымчыктардын кең дүйнөнүн башка бир булуң-бурчуна, айыл-калаасына эмес, дал ушул биздин жерди, биздин борборду тандап келгени бакыт эмей эмне? Бирок аларды арбап, чакырган биз, адамдар, эмеспиз. Алардын издеп, сагынып, эңсеп келгени мына бул бак-дарактар. Алар куштардын түнөк-конушу да, ырыскысы да, ит-куштун коргонуучу чеби да. Кийинки жылдары жолдорду кеңейткен, үй-жай курган, эстелик тургузган, жол кырсыктарын алдын алган болумуш этип бак-дарактарды сөөк өчтү душманыбыздан бетер кыркып кыра баштадык. Бакты кыюу менен бактыны кыюу окшош болорун билгенибизде го, аттиң...
Канчалык сындабайлы, бул жагынан совет мамлекети бизге караганда алда канча акылдуулук кылыптыр. Ал доордо курулган ширеңкенин кабыгындай окшош көп кабаттардын араларын карасаң күн желесин жерге жеткизбей тоскон калың бактар дүпүйүп турат. Калааны байырлаган булбул менен торгой ошол үйлөрдүн тургундары жана коноктору үчүн ырдап жаткансыйт.
Бир кезде "Жашыл шаар" атыгып атагы чыккан борбор калаабызды бозурайтып албасак болгону. Ошондо мына бул чымчыктар кайда конуп ырын ырдайт? Адамдар табиятты сыйлаган, сүйгөн, ал үчүн атадай кам көргөн башка ооматтуу тарапка ооп, ырыстуу жакка ыктап кетери анык. Жаратканым ошондон сактасын...