Гүл коюлуп, аза күтүлдү. "Жеңиш" аянтында митинг-реквием өттү. Сүрөт

Иш-чарага президент баштаган бийлик өкүлдөрү катышып, Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Борбор калаанын "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата митинг-реквием өтүп, ага мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өлкө башчы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Генералдык штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышкан.