"Өлбөс полк" онлайн жүрүшүнө дүйнөнүн чар тарабынан кошулуп жатышат

Бир нече жуманын ичинде гана даярдалган долбоор кеңейип, ага дүйнөнүн чар тарабындагы адамдар катышып жатат. Ушул тапта онлайн жүрүшкө катышууга 2,7 миллиондон ашык арыз түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россиянын "Өлбөс полку" акциясынын интернеттеги түз эфирине 700 миңден ашуун адам кошулганын уюштуруучулар билдирди.

Түз эфир "Россиянын Өлбөс полку" polkrf.ru, "Эл аралык Өлбөс полку" polk.press сайттарында, "Окко" онлайн кинотеатрында, ошондой эле Одноклассники жана ВКонтакте социалдык түйүндөрүндө болуп жатат.

Онлайн жүрүш Петропавловск-Камчатский убактысы боюнча саат 11де башталган. Эл акцияга активдүү катышып, видеого жакты деген белгилерди басып, ата-бабалардын эрдигине ыраазычылык билдиришкен.

Владимир Путин Президенттик полктун парадына катышты. Видео
Ушул тапта долбоорго катышуу үчүн 2,7 миллиондон ашык арыз түшкөн. Билдирүүлөрдү кабыл алуу бүгүн Москва убактысы боюнча саат 15.00гө чейин уланат. Ишеним телефондору аркылуу адистер жүрүш тууралуу күнү-түнү маалымат беришүүдө.

"Бир нече жуманын ичинде гана даярдалган долбоор кеңейип, ага дүйнөнүн чар тарабындагы адамдар катышып жатат. Билдирүүлөрдү кабыл алуу көп күчтү талап кылууда. Ошондуктан долбоордун бардык катышуучулары электрондук почта аркылуу тиешелүү каттарды алган жок. Муну түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Каттарды таратуу бир нече күнгө созулат", — деп айтылат маалыматта.

Эгер видеонун керектүү жерин өткөрүп жиберсеңиз, "Россиянын Өлбөс полку" жана "Эл аралык Өлбөс полкунун" сайтынан, ошондой эле "Окко" онлайн-кинотеатрынан кадрды артка түрдүрүүгө болору кошумчаланды.