Жеп эле жүрөбүз... Ичеги-карынды сезгенткен тамактар тизмектелди

Окумуштуулар Америкада жыл сайын өткөрүлө турган ден соолукту текшерүү боюнча сурамжылоону талдап чыгып, айрым азыктар ичеги-карындын ооруларын өрчүтүп жиберерин аныкташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май – Sputnik. АКШнын Жорджия университетинин окумуштуулары ичеги-карындын сезгенүүсүнө алып келген азыктарды атады. Бул тууралуу PLOS One журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.

Уйку канат. Дарыгер кумшекерден баш тартуунун пайдасын айтты
Адистер Америкада жыл сайын өткөрүлө турган ден соолукту текшерүү боюнча сурамжылоону талдап чыгышкан. Анын натыйжасында сыр, печенье, картошка фри, ошондой эле газдалган жана энергетикалык суусундуктарды дайыма колдонуп жүргөн адамдар ичеги-карындын сезгенүүсүнө көбүрөөк кабылат деген тыянакка келишкен.

Мындан тышкары изилдөөдө бул тамактар колит (жоон ичегинин сезгениши) жана крон оорусунун (ичеги-карындын өнөкөт илдети) өрчүп кетишине дуушар кылары белгиленет.

Ашказан, ичеги-карын дарттарын алдын алуу үчүн адистер жашылча-жемиштерди көп колдонууну, ошондой эле эленбеген ундан, акшактан тамак жасоону сунуштаган.