Чек ара кызматы: тараптар кошумча күчтөрүн чыгарып кетүүнү макулдашты

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү окуя болгон жерге тартылган кошумча күчтөрдү чыгарып кетүүгө макулдашкан. Ошондой эле 10-майда бир катар жооптуу кызматтын жетекчилери кайрадан жолукмай болушту.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Ок атышуу болгон кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экендигин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Вице-премьер Мадумаров: Баткендеги кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө
Ага ылайык, Төрт-Көчө жер тилкесинде эки Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, окуя болгон жерге тартылган кошумча күчтөрдү чыгарып кетүүгө макулдашышкан. Ошондой эле 10-майда бир катар жооптуу кызматтын жетекчилери кайрадан жолукмай болушкан.

Буга чейин эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчилери Абдикарим Алимбаев менен Хикматулло Пираков телефондон сүйлөшүп, натыйжада ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашканы белгиленет.

Баткендеги окуя

Эске сала кетсек, бүгүн, 8-майда, кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Баткен жана Согд облусунун башчылары кезигип, чек арадагы абалды талкуулашат
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Кийинчерээк чек ара кызматы ок атышуу токтогонун билдирди. Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы жаракат алган.