Коронавирус аныкталып көз жумган алгачкы кыргызстандыктын сөөгү изилденип бүттү

Бейтап коронавирус жуктургандан кийин өнөкөт оорулары дагы ага кошул-ташыл болуп, абалы оорлошуп кеткен. Ал Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну эле.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп каза тапкан алгачкы ноокаттык бейтаптын сөөгү изилденип бүткөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бейтаптын ооруканага түшкөндө дарылоо жолдору аныкталган. Бирок анын жүрөк-кан тамыр илдеттери жана дем алуу органдарындагы көйгөйлөрүнөн улам терапия натыйжа берген эмес. Бейтаптын абалы коронавирус жуктуруп алгандан кийин оорлоп кеткен. Мындан тышкары ал экинчи типтеги кант диабети менен өнөкөт гепатиттен жабыркаган.

"Текшерүүдө инфаркттан кийинки кардиосклероз жана аорта менен коронардык артериялардын атеросклерозу, ошондой эле көптөн берки гепатиттин көрүнүштөрү аныкталды", — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустан каза тапкан биринчи бейтап 2-апрелде катталган. Ал Ош облусундагы Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну эле.

Бүгүнкү күндө кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 931ге жетти. Анын ичинен 658и айыгып, 12 бейтап көз жумду.