Ала-Бука: согуштун 94 жаштагы эки ардагерине автоунаалар белекке берилди. Сүрөт

Аталган иш-чарага Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков катышып, согушта курман болгон жоокерлерге арналып куран окулду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бүгүн Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургундары, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлер Насыр Нармырзаев менен Аскар Хайдаровго "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү автоунаалар белекке берилди. Бул тууралуу акимиат билдирди.

Маалыматта Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган салтанат чакан топтун катышуусунда Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталганы айтылат.

"Андан кийин Айры-Там айылынын тургуну Насыр Нармырзаев менен Баймак айылынын жашоочусу Аскар Хайдаровго райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана айыл өкмөт башчыларынын демилгеси менен "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылып, куттуктоолор жолдонду", — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чарага Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков катышып, согушта курман болгон жоокерлерге арналып куран окулду.

Ардагерлер менен катар эле оорукта эмгектенген апаларга да сый белектер тапшырылды.