Нарын менен Бишкекте коронавирус жуктурган сегиз бейтап айыкты

Жаңы айыккандарды кошкондо өлкө боюнча жалпы 658 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Вирус жуктуруп алгандардын саны 931 болду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруп алган сегиз бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы айыккандарды кошкондо өлкө боюнча жалпы 658 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

"Бир суткада айыккандардын жетөө Бишкекте, бирөө Нарында", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 931ге жетти. Анын ичинен 658и айыгып, 12 бейтап көз жумду.