БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөө боюнча бардык суроолорго жооп берчү ыкчам байланыш номерин жарыялады.
"Тестирлөө боюнча ата-энелер, бүтүрүүчүлөр 0312 66 48 38 номерине чалса болот. Чалуулар иш убактысында гана кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары министрлик бүтүрүүчүлөр үчүн тестирлөө качан болорун, ЖОЖдорго кабыл алуу качан башталарын да айткан.
Алардын так күндөрү:
- 15-майда ЖРТга каттоо аяктайт;
- 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы;
- 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы;
- 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы;
- 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
- 13-19-июлда ЖРТнын жыйынтыктары жарыяланып, бүтүрүүчүлөргө таратылат;
- 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
- 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру болот;
- 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру уюштурулат.