БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда коронавируска кабылгандар аныкталгандан кийин жабылып калган жок, мекеме мурдагыдай эле 24 саат бою иштеп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда билдирди.
Эске салсак, буга чейин аталган борбордун гематология бөлүмүндө жаткан эки бейтап баладан, үч энеден жана эки медиктен коронавирус аныкталгандыгы белгилүү болгон. Маалыматта вирус бейтап балдардын биринин энесинен жукканы айтылган. Ал эми бөлүмдөгү калган 20 медкызматкердин, 13 бала жана жети эненин анализдери таза чыкканы маалымдалган.
Вице-премьер борбордун кире беришинде санитардык өткөрмөлөр уюштурулуп, жарандардын дене табы текшерилип, анкеталар толтурулуп жатканын белгиледи.
Ал эми күмөн жараткан бейтаптар изоляцияланган палаталарга жаткырылып, аларга атайын даярдыктагы дарыгерлер көз салат.