Кара-Сууда согуштун эки ардагерине автоунаа белекке берилди. Сүрөт

9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 75 жыл толот. Белек алган ардагерлердин бири 96, экинчиси 97 жашта.
Sputnik

ОШ, 8-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына жергиликтүү бюджеттин эсебинен "Жигули 07" унаасы белекке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, унаа белекке алган ардагерлердин бири 96 жаштагы Мамажан Токтосунов. Кара-Суу районунун Жоош айылында жашайт. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жубайы менен 10 баланы өстүрүп тарбиялаган. Учурда 45 небереси жана 97 чөбөрөсү бар.

Алды 104кө чыккан. Баткен, Талас, Ысык-Көлдөгү ардагерлер сыйланды. Сүрөттөр
Экинчи ардагер Жаныбай Таштанов 97 жашта. Кара-Суу шаарынын тургуну. Төрт уулду тарбиялап чоңойткон. Кыргыз Республикасынын Даңк медалынын ээси, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Варшава шаарын душмандардан бошоткондугу үчүн да медаль менен сыйланган. Кара-Суу шаарынын ардактуу атуулу.

Ал эми Кара-Кулжа районундагы жалгыз ардагер Сами Кулманбетовго эл өкүлү жана жеке жарандар биргеликте Honda CRV унаасынын ачкычын тапшырган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы да Кара-Суу районундагы үч ардагерге унаа тапшырылган.