Алды 104кө чыккан. Баткен, Талас, Ысык-Көлдөгү ардагерлер сыйланды. Сүрөттөр

Өкмөт өкүлдөрү аймактардагы ардагерлерге мааракелик медаль тагышып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттукташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жеңиш майрамын утурлай Кыргызстандын аймактарында жашаган согуш ардагерлери сый көрүп жатат.

Ош облусу

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Россия президенти Владимир Путиндин атынан юбилейлик медалдарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдирди.

Аймакта учурда 23 согуштун, 710 ооруктун ардагери бар. Аларга облус жетекчисинин резервдик фондунан 10 миң сом акчалай сыйлык жана 5 миң сомдук азык-түлүк баштыгы, баалуу белектер берилди.

Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну, ардагер Арзыбек Абдраимов "ушундай эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактоо ар бир кыргызстандыктын милдети" деп белгиледи.

Ысык-Көл облусу

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев Түп жана Жети-Өгүз районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Алды 104кө чыккан. Баткен, Талас, Ысык-Көлдөгү ардагерлер сыйланды. Сүрөттөр

Ага ылайык, Осмоналиев согуш жана ооруктун ардагерлерин келе жаткан 9-май - Жеңиш күнү менен куттуктап, мааракелик медалдарды тапшырды.

Алды 104кө чыккан. Баткен, Талас, Ысык-Көлдөгү ардагерлер сыйланды. Сүрөттөр

"Облус аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 16, тылдын 176 ардагери жашайт. Аларга өкмөттүн өкүлчүлүгү тарабынан согуш ардагерлерине 10 миң сом, тылдагыларга эки миң сомдон каралган. Ал эми президенттин жарлыгы боюнча 75 миң жана 15 миң сомдон берилет", — деп айтылат маалыматта.

Баткен облусу

Мааракелик медаль Баткен облусундагы ардагерлерге да тапшырылды.

Алды 104кө чыккан. Баткен, Талас, Ысык-Көлдөгү ардагерлер сыйланды. Сүрөттөр

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты.

"Ардагерлердин бири Садык Бурканов азыр 94 жашта. 18 жашында согушка аттанып, согуштан кийинки калыбына келтирүү жумуштарына да катышып, 7 жылдан кийин, 1950-жылы гана мекенге кайткан. Улуу Жеңишти Сталинградда тоскон. Дагы бир ардагер Ашир Рахматов азыр 101 жашка чыкты. Согушта эки ирет оор жараат алганына карабай, мекен үчүн күрөшкөн. Ал Сталинград салгылашуусуна катышып, согуштан кийин агартуу тармагында иштеп, элдин сабаттуулугун арттырууга зор салым кошкон", — деп айтылат маалыматта.

Алды 104кө чыккан. Баткен, Талас, Ысык-Көлдөгү ардагерлер сыйланды. Сүрөттөр

Баткендеги Улуу Ата Мекендик согуштун 10 ардагери жана ооруктун 279 ардагери медаль менен сыйланып, облустун резервдик фондунан 10 миң сом, шаар мэриясынан 100 миң сомдон сый акы берилди.

Талас облусу

Өлкө башчынын "1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалы жана Россия президенти Владимир Путиндин атынан "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалдары менен Таластын ардагерлери да сыйланды. Аларды өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев тапшырып, куттук сөздөрүн айтышкан. Ардагерлерге акчалай сыйлыктар да берилген.