Ишембиге карата аба ырайы

Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. 9-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Дүйнөдө аба ырайы өзгөрүп, 50 жылда Сахара чөлүндөй ысыйт. Изилдөө
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20…+25, Талас жергесинде +19…+24, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарында +16…+21 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы баш калаада +22…+24 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +25…+27 градуска дейре жогорулайт.